Сүйүктүү жар, мыкты эне болуу менен бирге чыгармачылыкты дагы алып келе жаткан ырчы Неля Нуркулова бүгүн, 3-декабрда 41 жашка толду. Ырчы айымды социалдык тармактар аркылуу жакындары, чыгармачылыктагы кесиптештери куттуктап жатышат.
Өзү Инстаграмдагы баракчасы аркылуу: "Тажрыйба жана кубаныч, дагы бир жашка акыл кошулду", - деп билдирүү калтырган.
Ал эми жолдошу ырчы Урмат Усенов жубайына ыраазычылык билдирип, жубайынын бүгүнкү майрамы менен куттуктап өткөн.
"Бүгүн менин жубайымдын жеке майрамы. Алладан сага чын ден соолук, жарык жашоо, бекем ыйман, белен ырыскы, кемибес кенч, бактыга бай күндөрдү, уйкуга жай түндөрдү, берекелүү, өрнөктүү өмүр тилейм.
Тоодой ташты көтөрө алышыбыз мүмкүн, бирок аялдын түйшүгүнө түтпөйбүз. Апаң менен аялың билдирбегени менен, бизди "эстафетадай" эле бири-бирине өткөрүп беришет экен. Апам жаңы үйлөнгөндө мага чалып абалымды сурачы эле, азыр абалымды апамдан угам. Кээде жубайымдын өтүнүчүн айланып келип апамдын буйругу менен аткарбаганга айлаң жок калат. Ошондой болсо да азыр апамдын көңүлү тынч. Мен ошого, бул жашоого жана сага ыраазымын", - деп жазган Урмат Усенов.
Үйдө гана эмес, сахнада дагы таттуу түгөйлөр буга чейинки маектеринде чыгармачылыктагы ийгиликтеринен мурда бирин-бири тапкандыгы үчүн көбүрөөк кубанышарын айтып келишкен. Жубайлар 2008-жылы бош кошушкан. Учурда алардын бир кыз, бир уулу бар.
Белгилей кетсек, ырчы айым “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча 2006, 2008-жылдары "Супер ырчы айым” наамынын ээси болгон. Ал сахнага "Жалган", "Жок, жок", "Балалыгым" аттуу ырлары менен кадам таштаган.