Кыргызстандын туусун унаага жүктөлгөн жыгачка белги катары байлап койгон жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Видео социалдык тармактарда тараган. Анда Лабо үлгүсүндөгө унаанын айдоочусу унаасына жыгач жүктөп, артына мамлекеттин символу болгон тууну коопсуздук үчүн байлап койгону көрүнгөн.
Бул факты боюнча Ош шаардык кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочу аныкталып, тийиштүү чара көрүү үчүн Ак-Буура РИИБине жеткирилди.
Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулду.