Элтон Жон оор инфекциядан кийин көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады

Британиялык музыканты Элтон Жон катуу инфекциядан кийин көзүнүн көрүүсү калыбына келе электигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жекшемби күнү Лондондо өткөн The Devil Wears Prada аттуу спекталге Элтон Жон дагы келген. Анда ал көрүүсүнүн начарлашы көптөгөн шоуларга катышууга тоскоолдук кылып жатканын айткан.

"Өзүңүздөр билгендей, менин көзүм көрбөйт, мен үчүн көрүү абдан кыйын. Бирок мен музыканы укканды жакшы көрөм жана бүгүнкү кечеде мыкты музыкалар ойнолду", - деген ал.

Көйгөйлөргө карабастан музыкант музыкадан ырахат алууну улантып жатканын баса белгилеген.

77 жаштагы Элтон Жон өзүнүн көрүү көйгөйлөрүн биринчи жолу сентябрда Инстаграмда ачык айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан