Кыргызстандык бийчилер эл аралык сынакта баш байгеге ээ болушту (сүрөт)

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук балдардын чыгармачылык борборунун "Билерик" ансамбли "TALANT-STAR" эл аралык балдар, жаштар жана чыгармачылык сынак-фестивалынын башкы жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сынак 30-ноябрда Түркистан шаарында болгон.

"Кайрат Салмакеевдин жетекчилиги астында жаш бийчилер өздөрүнүн чеберчилиги менен калыстар тобун жана көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Катышуучулар хореография номинациясында Гран-приге ээ болуп, Алтын кубок жана дипломдор менен сыйланышты", - деп жазылат маалыматта.

Жеңүүчү команданын курамы: Асылбекова Раяна, Асылбекова Зульфия, Гайбиллаева Гүлнур, Сатыбалдиева Сабина, Дүйшөналиева Даяна жана Айсел Мусаева.

Белгилей кетсек, "TALANT-STAR" сынагы балдардын жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, балдардын чыгармачылыгын колдоо жана жайылтууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан