Оппенгеймердин небереси дүйнө эч качан өзөктүк куралдан арылбай тургандыгын айтты

Атомдук бомбаны ойлоп тапкан америкалык окумуштуу Роберт Оппенгеймердин небереси Чарльз дүйнө эч качан өзөктүк куралдан арыла албай турганын айтты. Ал мындай пикирин МАГАТЭнин Австриянын Вена шаарындагы иш-чарасында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Чынын айтсам, биз андан эч качан кутулбайбыз. Менин максатым андан кутулуу болчу. Бирок мен ага канчалык көп аракет кылбайын, анын мага ишке ашышы ошончолук азыраак көрүнөт", - деген ал.

Чарльз андан көрө АКШ, Орусия жана Кытай өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогду бекемдөө алда канча жакшы болорун белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан