Токмокто унааларды тоноп жүргөн жаран кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында бир нече унааны тоногон шектүү кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 2-декбрда милицияга Д.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, мал базарда токтоп турган унаасынан 320 миң сом акча каражатын уурдатканын билдирген.

Бул факт боюнча "Урдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөөнүн натыйжасында буга чейин бир нече ирет соттолгон, 1979-жылы туулган Н.Ф. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Учурда убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча кармалган жаран 4 унаадан акча каражаттарын тоногондугу аныкталган. Ошондой эле башка кылмыштарга тийиштиги бар же жогун аныктоо иштери жүрүп жаткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан