Бишкек шаарында борбордук "Ала-Тоо" аянтын жана өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалым болгондой, башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метрди түзөт. Ал эми жасалгалоого 1,5 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.
"Шаардыктардын сунуштарын жана каалоолорун эске алуу менен аянттын жасалгалоо концепциясы ыңгайлуу убакыт өткөрүүгө арналган чоң сейилдөөчү зонаны уюштуруу каралган. Аянтты реконструкциялоонун жана иштелип чыккан концепциянын алкагында толук кандуу жаңы жылдык шаарча түзүлөт", - деп билдирди мэрия.
Белгилей кетсек, өлкөнүн башкы балатысы декабрь айынын ортосунда күйөөрү маалым болгон.