Бүгүн, 3-декабрь – Майыптыгы бар жарандардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, 400 балага атайын белектер берилди.
"Салтанат “Биз биргебиз” аталышында жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулууда. Мындан тышкары бир айдын ичинде шаарда жайгашкан мекеме-ишканалар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды моралдык жана материалдык жактан колдоо багытында иш-чараларды өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 2024-жылдын 1-ноябрына карата жалпы 9299 майыптыгы бар жарандар бар, анын ичинен майыптыгы бар балдар 1583тү түзөт.