Сүйүнчү! Ноокат районунда үч эм төрөлдү

Бүгүн, 3-декабрда Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө үч эм наристе жарык дүйнөгө келди. Бул туурасында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдирди.
Маалымдалгандай, райондун акими Жакыпбек Субагожоев наристелерден кабар алып, өзүнүн резервдик фондунун эсебинен 30 миң сом акчалай белегин тапшырды.
Аны менен бирге А. Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек Нурматов бөбөктөргө керектүү буюмдарды, кийим- кечектерди тапшырды.
Белгилей кетсек, үч эм 29-ноябрда жарык дүйнөгө келишкен. Ымыркайлардын энеси А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Арал айылынын жашоочусу 1999-жылы туулган Батырбек кызы Нуржамал. Ымыркайлардын үчөө тең эркек балдар. Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан