Бүгүн, 3-декабрда Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аны "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Белгиленгендей, Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйыны өтөт. Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.