Британияда алар балдардын семирүүсү менен күрөшүү үчүн жаңы чара ойлоп табышты. Алар күндүзү сыналгыда ден соолукка зыян келтирүүчү тамактарды жарнамалоого тыюу салууну чечишти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Мындай жарнамаларга саат 21:00дөн кийин гана уруксат берилгенин Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктаган. Ал эми ММКлар чектөөлөргө кант кошулган сергитүү ичимдиктер, таттуулар жана бат даярдалуучу тамактар киргенин жазышууда.
Чектөөлөр келерки жылдын октябрынан тарта күчүнө кире тургандыгы айтылды.