Садыр Жапаров Корея парламентинин спикери У Вон Шик менен жолукту

Бүгүн, 3-декабрда президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тараптар саясий, экономикалык жана маданий тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле инвестиция, технология жана туризм жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 15 эседен ашык көбөйүп, рекорддук көрсөткүчтөргө жеткенин айтты. Ал маанилүү максат - сооданын көлөмүн гана көбөйтүү эмес, өлкөлөр алмашып жаткан товарлардын ассортиментин диверсификациялоо экендигин белгиледи. Ошондой эле айыл чарба, текстиль өнөр жайы жана тоо-кен тармагы сыяктуу кызматташуунун келечектүү чөйрөлөрүн айтты.

У Вон Шик кыргыз делегациясынын сапары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп, сооданы өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга дем берүүчү жаңыланган ченемдик-укуктук базанын түзүлгөндүгүн белгиледи. Спикер бул эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүү үчүн бекем пайдубал болоруна ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан