Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореяда жүргөн кыргызстандыктарга тынчтыкты сактоону, сак болууну жана жашоо жайынан зарылчылык болбосо чыкпоону сунуштайт.
ТИМ коопсуздук максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана ар кандай массалык иш-чараларга, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга катышуудан алыс болууну эскертти.
Маалым болгондой, министрлик учурда кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатат. Сеулдагы Кыргызстандын Элчилиги Кореядагы тиешелүү органдар менен туруктуу байланышта.
"Эгерде өзгөчө кырдаалдар пайда болсо, Кыргызстандын Кореядагы Элчилигине ыкчам кайрылуу үчүн төмөнкү телефондон ысык линияга чалыңыздар: +82 10 9798 0951", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Эске салсак, кечээ, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган.