Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Түштүк Кореядагы окуяларга комментарий берди. Бул тууралуу "Интерфакс" жазды.
"Абал коркунучтуу. Биз кылдаттык менен карап турабыз", - деди Кремлдин расмий өкүлү кырдаал тууралуу.
Кечээ, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль Түндүк Кореянын тарапкерлерине каршы күрөшүү үчүн өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Мындан улам Сеул шаарына аскердик техника кирген. Кийинчерээк президент аскердик абалды алган.
Сеул шаарында башаламандык болуп, көчөгө чыккандар президентке импичмент жарыялашкан.