Атактуу мушкер Дмитрий Бивол мурдагы жубайы Екатерина Биволду анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирди деп айыптап, сотко берди. Бул тууралуу Екатерина Бивол телеграм каналына жазды.
"Сен мурунку аялысың... Мен прокуратурада отурам, Дима менен анын апасы мага каршы жалпысынан беш арыз беришиптир", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Дмитрий менен Екатерина 2023-жылдын июнь айында ажырашкан. Ошондон бери дүйнө чемпионунун мурунку жубайы мушкерден миллиондогон рубль, батир жана алиментти көтөрүүнү эл алдында талап кылып келет.