Бишкекте сүрөтчү, айкелчи Тамила Маматованын "Жашоо ыргактары" аталышындагы чыгармачылык көргөзмөсү өтөт. Иш-чара 17-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде орун алат.
Маматованын айтымында, көргөзмөгө анын акыркы 3-4 жылдагы эмгектери коюлат. Бул жолку иш-чара анын алтынчы көргөзмөсү экенин айтат.
"Көргөзмөгө акыркы 3-4 жылдагы чыгармаларым, чет өлкөдө коюлган айкелдеримдин сүрөттөрү, 40ка жакын скульптуралык экспонант, 30га чукул сүрөт коюлат. Бул жолку алтынчы көргөзмөм болот. Буга чейин Будепештте, Москвада, Санкт-Петербургда болгон. Ал эми Гапар Айтиев атындагы музейде 2018-жылы өткөн" деди Маматова.
Ошондой эле айкелчи иш-чаранын алкагында акцион өткөрүлүп, андан түшкөн каражаттын 30 пайызы "Жетим балдардын укугун коргоо" фондуна берилерин кошумчалады.
"Көргөзмөгө келип салым кошуп кетүүңүздөрдү суранам" деди
Аталган иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана "Эне-бала тиреги" фонду тарабынан уюштурулуп жатат. Көргөзмө саат 15:00дө башталат.
Белгилеп өтсөк, Тамила Маматова жасаган Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын фойесинде орнотулган.
Сүрөтчүлүк, айкелчилик өнөрдү аркалап, жасаган эмгектери менен эл оозуна алынган кыргыздын сыймыктуу кызынын маегин ушул шилтемени басып кирип окуңуз.