Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган.
Полотова 1974-жылы 11-августта Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.