Вьетнамдын соту коррупция үчүн өлүм жазасына кесилген 68 жаштагы өлкөнүн эң бай аялдарынын бири болгон Чыонг Ми Ланга чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин сотко берилген расмий кайрылуусунда Чыонг Ми Лан өлүм өкүмү өтө катаал жана ырайымсыз болгонун айтып, сот адилетүү чечим чыгарып берүүнү суранган.
Кечээ, 3-декабрда Хошимин шаарынын элдик соту Вьетнамдын эң ири банкы Сайгон коммерциялык банкынан 12,5 миллиард долларга жакын акчаны уурдап алганы үчүн соттолгон 68 жаштагы Ландын арызын четке какты. Анын аракеттеринен келтирилген жалпы зыян 27 миллиард долларга бааланат.
Вьетнамдын мыйзамдарына ылайык, миллиардер айым өлүм жазасынан кутула алат. Бул үчүн ал алган 75 пайызын төлөп бериши керек. Тагыраагы, ал 9 миллиард доллар төлөсө, өлүм жазасынан кутула алат.
Ми Ландын жактоочулары эми соттолуучу кыймылсыз мүлктөрүн жана ага тиешелүү болгон акцияларды сатууну көздөп жатканын билдиришкен.