Бүгүн, 4-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров өлкөдөгү бала бакча, мектеп маселесин көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, бир катар айылдарга араб фонддору жардам берип, бала бакча, мектеп куруп беришкен. Бирок аталган имараттар муктаждык болуп турса дагы ар кандай себептерден улам иштетилбей келет.
"Кыргызстандагы көйгөйлөр баарыбызга белгилүү. Билим берүү министрлигинен маалымат алсам акыркы төрт жылда болгону 55 эле бала бакча курулуптур. Жыл сайын 10-15ке жетпеген бала бакча курулат экен. Ал эми бул жылы алты бала бакча салынды деп маалымат берди. Мен эки күндө бир нече объекттерди кыдырдым, араб фонддору жардам берип, бала бакча, мектеп куруп бериптир.
Менин таң калганым айыл өкмөт кызыкпайт, акимдин маалыматы жок, свет беришпейт, даяр кылып куруп беришсе дагы алышпайт. "Мунуң авриялык абалда экен, проектиси жок экен" деп, болбосо 200-300 түтүн эли бар айыл үчүн курулган 1 кабаттуу эле имарат. Ал биздин саман үйлөргө караганда бир топ эле бекем. Айыл өкмөткө чалсам, "кечирип коюңуз проектиси жок экен кабыл ала албайм" деди. Айланайын, бул сенин ишиң бала бакчаны, мектепти сен салышың керек эле. Салып даяр кылып берсе дагы ала алышпайт. Азыр 800 миң бала бала бакчага муктаж. Биз болсо даяр имараттарда кабыл алып, иштетип кете албай жатабыз. Муну жакшылап карагылачы, башка аймактарда дагы мындай имараттар бар", - деди Абакиров.