3-декабрда «Кеӊ пейил шейшембиде» дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар кайрымдуулук иш-чараларга катышуусу жана өздөрү ишенген жана жардам берген уюмдар жөнүндө айтып беришет. Бул күнү өлкөдөгү кайрымдуулукту колдоо үчүн Яндекс тарабынан демилгеленген «Кеӊ пейил ноябрь» кайрымдуулук акциясы ишин жыйынтыктайт.
Бүткүл ноябрда Яндекс Go сервистеринин колдонуучулары «Кеӊ пейил ноябрь» кайрымдуулук демилгесине кошула алышты. Ал үчүн жума күндөрү такси, жеткирүү чакыруу же тамак алдыруу жетиштүү болду. Такси менен Жеткирүүнүн бардык тарифтеринде аткарылган ар бир 10 км үчүнкомпания 1 сомдон кайрымдуулукка которду. Ал эми жумакүнкү Тамакка 400 сомдон жогору берилген ар бир буйртмадан 5 сомдон кайрымдуулук үчүн бөлүндү. Яндекс акциянын беш күнүндө алынган сумманы көбөйттү. Акциянын жыйынтыгы боюнча, «Кыргыз азиздер жанаазиздер спорт федерациясы», «АРДИ», «Сантерра-Юг», «Үмүт-Надежда», «Заманбап Мугалим» кайрымдуулук уюмдарына 1 050 000 сом которулмакчы.
«Яндекс Go жана бардык колдонуучуларга «Кеӊ пейил ноябрь» акциясын колдоо жана катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазылык билдиребиз. Бул биздин уюм үчүн маанилүү, анткени ал инклюзивдик спорт боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кошумча каражат тартат жана биздин ишибиз жөнүндө көп адамдарга айтып берет», – деп Кыргыз азиздер жана азиздер спорт федерациясынын аткаруучу директору Гүлназ Жүзбаева пикирин билдирди.
«Биздин ресурстук борбор Даун синдромуна кабылган балдардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн, бул аны чыныгы өнөктөштүн жана колдоонун үлгүсү кылат. Биз биргеликте гана олуттуу жыйынтыктарга жетүүгө болот депишенебиз. Ошондой эле, «Кеӊ пейил ноябрь» Яндекс Go долбоору – компания менен колдонуучулардын биргелешкен аракети менен кадыресе буйрутмаларды бизүчүн чыныгы жардамга айлантты. Бул бизге ишибизди улантууга жана жакшылыкка ишенүүгө түрткү берет», – деп «Сантерра - Юг» ККФтин негиздөөчүсү, директору Жылдыз Туратбекова өз оюн кошумчалады.
«Биз акциянын алкагында майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин "АРДИ" коомдук уюмун колдогондордун баарына ыраазылык билдиребиз. Сиздердин жардам биздин Ресурстук-маалыматтык методикалык борбордо окуп жаткан майыптыгы бар балдарды колдоого багытталган программаларды өнүктүрүүгө маанилүү салым болуп калат. Чогулган каражаттарды биз үй-бүлөлөр билим, колдоо жана жакшы келечекке үмүт алган мейкиндикти түзүүгө багыттайбыз», – деп майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин "АРДИ" коомдук бирикмесинин төрайымы Тамара Жумабекова пикирин билдирди.
Яндекс демилгелеген «Кеӊ пейил ноябрь» акциясы өлкөдө экинчи жолу өтүп жатат. Бул өлкөдөгү кайрымдуулукту колдогон долбоорлордун бири. Компания Кыргызстандагы бири нече кайрымдуулук уюмдун камкордугунда турган адамдар үчүн акысыз сапарларды жана жеткирүүлөрдү уюштурууга дагы туруктуу жардам берип келет. Айта кетсек, долбоордун башынан бери 200 ашык киши ушундай жардам алды – 5000 сапар жана жеткирүү аткарылды.
2024-жылдагы акцияга катышкан кайрымдуулук уюмдары жөнүндө: