Бишкекте Айфон уурдаган жаран башка да кылмыштарга шектелүүдө

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда Биринчи май РИИБине калаа тургуну кайрылып, 55 миң сомдук Айфон 11 үлгүсүндөгү телефонун уурдатып жибергенин айтып кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1997-жылы туулган М.И. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды.

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, эгерде сиз шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган болсоңуз, же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, 0554 110 314, 0556 363 000 же 0700 611 119 номери же "102" кыска номерине билдирүүңүздү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан