Тажикстан парламентинин төмөнкү жана жогорку палатасын шайлоо качан болору айтылды 

2025-жылдын 2-мартында Тажикстандын парламентинин Оли Мажлисинин (парламентинин төмөнкү палатасы), ошондой эле өлкөнүн облустарынын, шаарларынын жана райондорунун Мажлисине (эл депутаттарынын кеңештерине) шайлоо өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү булактар республиканын президенти Эмомали Рахмондун жарлыгынын негизинде билдиришти.

Ал эми мажлистин милли Оли Мажлиси (Тажик парламентинин жогорку палатасы) шайлоо 2025-жылдын 28-мартына белгиленген.

Тажикстандын жогорку мыйзам чыгаруу органына мурунку шайлоо 2020-жылдын март айында өткөн.

Мажлис намояндагон 63 депутаттан турат, анын 22си партиялык тизме боюнча (бир жалпы республикалык округ боюнча), 41и бир мандаттуу округдардан шайланат. Мажлис милли 33 мүчөдөн турат. Сегизин өлкө президенти дайындайт, ал эми 25ин облустук жана шаардык жыйындар тандайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан