Аламүдүн районунда казак жаранын ири суммага алдаган жаран кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, райондук милицияга А.Д. аттуу Казакстандын жараны арыз менен кайрылган. Анда айтылгандай, “Ак-Жол” чек ара өткөрмө пунктунун жанындагы Луговое айылында кыргызстандык жаран анын ишенимине кирип, “Geely Monjaro” үлгүсүндөгү 24 унаа алып берүүнү убадалаган. Анын натыйжасында 60 миң 800 доллар акча кражатын алып, изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү 209-берене (Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу менен мүлктүк залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 1981-жылы туулган А.Н. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан