Садыр Жапаров Сеулдагы эки өлкөнүн инвестициялык диалогуна катышты (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, Кореяга жасаган сапарынын алкагында Сеулда өткөн эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык диалогго катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Жапаров сөз сүйлөп, Кореяга болгон бул анын биринчи сапары экенин айтып, мындай жолугушуулар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын бекем механизмдерин түзүү үчүн маанилүү экенин баса белгилеген.

Өз сөзүндө мамлекет башчы Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалымдап, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча пландарды белгилеп өткөн.

Ошондой эле Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну модернизациялоого, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө жана санариптештирүүгө багытталып жаткан реформалар тууралуу да айтып берген.
"Экономикалык реформалар олуттуу натыйжаларды алып келди: акыркы үч жылда өлкөнүн ИДПсынын өсүшү жыл сайын орточо 9%, ал эми 2024-жылы 9,6% түздү. Мамлекеттик бюджет дээрлик үч эсеге көбөйүп, жан башына ИДПнын көрсөткүчтөрү эки эсеге өстү", - деген Жапаров.

Мындан тышкары президент ишке ашырылып жаткан "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу, чакан жана орто гидроэлектростанцияларды ишке киргизүү, ошондой эле “Кытай – Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорго да токтолуп өткөн.

Ал кореялык компанияларды бул стратегиялык долбоорлорго катышууга чакырып, корей технологиясын киргизүү эки тараптуу кызматташуунун жаңы перспективаларын ачарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан