Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кыргызстанга иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги 12-жыйынын өткөрүштү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анын жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду.

- Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын протоколу;

⁃ Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык объектилерге Казакстандын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө 2006-жылдын 4-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;

- Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Ысык-Көл районундагы жер участокторун ижарага берүү жөнүндө 2009-жылдын 1-декабрдагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;

- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- 2024-2025-жылдарга Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтүү боюнча жол картасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан