Бишкектин “Тазалык” ишканасы күз-кыш мезгилине даяр

Бишкектин “Тазалык” муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилине даяр. Бул туурасында мэриядан кабарлады.

Маалымдалгандай, ишкана борбордун көчөлөрүнө жана тротуарларга чачуу үчүн техникалык туз камдады. 30-ноябрга карата ишкананын кампасында 3 миң тоннадан ашык техникалык туз бар жана жакынкы аралыкта дагы 2 миң тонна келет.

“Кыш мезгилинде шаарды 22 "Беларусь" трактору, 4 "Бопкат" трактору, магистралдык көчөлөрдү таштанды менен тазалоо үчүн 4 HOWO жана тротуарларды жана парктарды кардан тазалоо үчүн 1 кар жүктөгүч трактор тейлейт. Ошондой эле 26 бирдик МАЗ үлгүсүндөгү атайын техникасы жолдорду кардан тазалап, туз себүүгө даяр”, -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, магистралдык көчөлөрдү тазалоо үчүн былтыркы атайын техникаларга 15 "Беларус" трактору, 4 "Бопкат" трактору жана 4 HOWO кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан