Бүгүн, 4-декабрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгында саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өттү. Бул иш-чарада поликлиниканын жетекчисин атайын кызматтын кызматкерлери жыйында отурган жеринен суракка алып кетти.
Бул арада медицина мекемесинин жетекчиси мурда жемкорлук менен кармалып, соттолгон дарыгерди кайрадан жумушка алганы себеп болгондугу айтылган. Бирок жетекчи жумушка жаңы келгендигин, ал иш боюнча маалыматы жок экендигин билдиргенге жетишкен.
Айта кетсек, УКМКнын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик менен биргеликте саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жыйын уюштурган. Анда айрым медициналык мекемелердин жетекчилеринин жана кызматкерлердин иш учурунда акча алуу мезгиленде кармалган көрүнүштөр видео аркылуу көрсөтүлүп, мындай мыйзамсыз иштерге барбоо боюнча эскертилди.