FlyArystan авиакомпаниясынын жетекчилиги акча уурдоо фактыларын аныктап, көз карандысыз иликтөө жүргүзүү үчүн аудитордук компанияга кайрылган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Иликтөөнүн жыйынтыгы менен уурулук фактылары тастыкталгандыктан, авиакомпания күнөөлүүлөрдү аныктоо жана материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн укук коргоо органдарына кайрылган.
"Компания бул сумманы 9 айдын ичинде каржылык отчётунда толук эсепке алган. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кошумча маалыматтарды ачыктоо мүмкүн эмес", - деп айтылат компаниянын расмий жообунда.