Шаардан тышкаркы аймактарга каттаган айдоочуларга карата рейд жүргүзүлдү (видео)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы коомдук транспорт жана такси кызматынын айдоочуларына түшүндүрүү, эскертүү жана жеткирүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу кечээ, 4-декабрда аталган мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, азыркы учурда кайрадан Бишкете "Ош базарынын" айланасында, Кулиев жана Павлов көчөлөрүндө, Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде (шлагбаум), "Дордой-Моторс" базарында жүргүнчүлөрдү аймактарга жана Чүй облусунун жакынкы жана алыскы калктуу конуштарына башаламан негизде ташуулар жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу аларга автобекеттерден гана жүрүү ишенимдүү экендиги жеткирилди.

Ошондой эле жүргүнчүлөрдү дарегине жеткизбей түшүрүп койгон учурлары көп кездешүүдө. Ага байланыштуу, автобекеттерден гана жолго чыгуу жана бекитилген жол акысы менен гана таксилерге отуруу ишенимдүү экендиги айтылды.

05.12.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан