Пакистандын энергетика министри Сардар Легари РИА Новостиге Исламабад Орусиянын президенти Владимир Путинди каалаган убакта кабыл алууга даяр экенин билдирди.
"Биз президент Путинди каалаган убакта көрүүгө кубанычта болобуз, мен жакынкы келечекте мамлекеттердин жетекчилиги өз ара сапарларды жасайт деп ишенем", - деди ал.
Белгилей кетсек, декабрдын башында Москвада орус-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болуп өттү.
Мындан тышкары Пакистандын бийлиги соода алакаларын чыңдоо жана аймактык байланышты жакшыртуу аракеттеринин алкагында Орусия жана Беларус менен түз аба каттамдарын ачууга аракет кылып жатканы кабарланууда.
Эске салсак, буга чейин Пакистан орусиялык ракеталар чоң согуштун алдын алат деп билдирген болчу.