Чүй облусунун Сокулук райондук милициясынын тергөөчүсүнө пара сунуштаган жактоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-декабрда тергөөчү жетекчиликке 43 жаштагы адвокат айыпталуучулардын беренелерин жеңилирээк беренеге кайра алмаштыруу үчүн 2 миң доллар пара сунуштаганын кабарлаган. Көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш ишин козгогон. Кошумча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн иш ИИМге өткөрүлүп берилген.
Шектүү 3-декабрда 215 миң сом берип жаткан жеринен Сокулук РИИБинин тергөөчүсүнүн иш бөлмөсүндө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Окуянын чоо-жайын аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу максатында тергөө иштери уланууда.