Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров республикада камакта жаткан Украинанын куралдуу күчтөрүнүн туткундагы жоокерлеринин бири менен сүйлөшүп, ага туткунда калбай, өзүн атып салууну сунуштады. Анын украиналык жоокер менен сүйлөшүүсү Телеграм каналдарга жарыяланды.
"Мен сага пистолет берем, сен ошол жерде өзүңдү атып, баатыр болуп өлөсүңбү?" - деди Кадыров.
Украиналык жоокер Кадыровдун бул сунушунан баш тартып, жашагысы келерин айтты.
Рамзан Кадыров бул жоопко таң калганын айтып: "Бирөөнү өлтүргөнү чыгат, а өзү болсо өлгүсү келбейт", - деди.
Ал ошондой эле туткунда жаткан украиналыктарды дрондор чабуул жасап жаткан имараттардын чатырына коюу керектигин айткан.
"Биздин аймакты кайтарып жатышсын", - деген Кадыров.