Спортчу Шахида Амирова Малайзиядагы мелдеште алтын медаль алды

Кыргызстандын сурдо таэквондо боюнча улуттук командасынын мүчөлөрү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан X Азия-Тынч океан сурдо оюндарында 4 медалга (1 алтын, 3 коло) ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, курама команда машыктыруучу Дмитрий Пономарёвдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Анда Шахида Амирова (53 килограммга чейинки салмакта) алтын медалга ээ болсо, Асылхан Турдокулова (49 килограмм) жана Бермет Марсбекова (57 килограмм) коло медалга ээ болушту.
Ал эми эркектер арасында 80 килограммга чейинки салмакта Азамат Мавлонов 3-оруду ээледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан