Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрда милицияга И.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал чала таанышына март айында жалпы 32 миң долларга бааланган Toyota Camry жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү унааларын бергенин айткан. Жабырлануучунун арызы боюнча шектүү анын унааларын сатып бермек, бирок ал убадасына турбай качып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 41 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.