Түштүк Кореянын президенти жаңы коргоо министрин дайындады

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл анын аскердик абал боюнча чечимин колдогон коргоо министри Ким Ён Хендин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.

Аскердик департаменттин жаңы башчысы болуп өлкөнүн Сауд Арабиядагы элчиси, армиянын мурдагы генералы Чой Бён Хюк дайындалды.

Кечээ, 4-декабрда Ким Ён Хён кризистик кырдаал үчүн өлкө жарандарынан кечирим сурап, кызматтан кетүү тууралуу арызын президентке жазганын билдирди. Ким Ён Хён аскердик абалды киргизүүгө аракет кылганда армиянын аракеттери үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган, анткени аскерлер анын буйругун аткарган.

Эске салсак, 3-декабрда Ким Ён Хён президентке аскердик абалды жарыялоону сунуштап, аны парламент добуш берүүдөн кийин алып салган. Кийинчерээк бул чечимге Юн Сок Ёл өзү да макул болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан