Экологдор Ысык-Көлдө кызыл китепке кирген өрдөктү куткарышты (видео)

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдө рейд учурунда кызыл китепке кирген кызыл баш өрдөктү куткарышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдагандай, канаттуу синтетикалык балык кармоочу торго илинип калган. Кызматкерлер аны тордон чыгарып, коё беришкен.

"Рейд Түп булуңунда көлдүн экосистемасына олуттуу коркунуч туудурган мыйзамсыз орнотулган торлорду суу сактагычтан тазалоо максатында жүргүзүлдү. Синтетикалык торлор балык ресурстарын гана жок кылбастан, канаттуулардын жана башка жаныбарлардын өмүрүнө да коркунуч туудурат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү иштери уланууда.


05.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан