Армениядан менен Абхазиядан келген оң рулдуу унаалар дагы деле кирип жатат. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-декабрдагы жыйынында айтты.
"Өткөндө өкмөткө "акчаны кайдан табабыз" дегенде булактарын көрсөтүп бердик эле. Салыкты эле көбөйтө бербей, башка кошумча булактарын таап бердик эле. Биз оң рулдуу унаалар боюнча мыйзам жазып, баарын даярдап, абхаз, армяндар боюнча өкмөткө жибергенбиз. Былтыр Акылбек Үсөнбековичке ушул жерден айткам, өкмөт позициясын билдирип койсун. Оң рулдуу унаалар дагы деле кирип жатат. Көйгөйлөр улам-улам жыйылууда.
Ошондуктан өкмөт позициясын билдирсинчи. Биз же оң рулдуу унааларды мыйзамдаштырып берип, бардык жол-жобосун кылып, андан кийин киргизбей коюшубуз керек. Булар аябай көп азыр. Миллиондогон долларлар казынага түшөт", - деди ал.
Ошондой эле депутат бул көйгөй жыйналып жатканын айтып, бир күнү жарыларын кошумчалады.