Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Тажикстандагы кыргыз айылынан качып келген этникалык кыргыздарга жер берүү маселесин караштыруу зарыл экенин айтты.
"Лейлек району менен чектеш Тажикстандын аймагында Жийделик деген кыргыз айылы бар. Ал жерде бүт кыргыздар жашайт. Болжолдуу 2 миңге жакын кыргыз бар болчу. Акыркы 2021-22-жылдардагы окуялардан, пандемиядан улам алар кароосуз калып, кысымга кабылып, көбү ал жерден качып чыгып кеткенге аргасыз болушкан. Азыр Жийделикте 10-15 эле үй-бүлө калды, калганы качып чыгып кеткен.
Алар азыр үйлөрүн сата албайт. Себеби алардыкын эч ким албайт. Кылымдап жашаган жерлерин таштап чыгып кетишкенге аргасыз. Алар эми "кайра кайтып бара албайбыз" деп жардам сурап жатышат. "Чүйдөнбү, Кыргызстандын башка жериненби, айтор, жер берсеңер. Көпчүлүгүбүз Кыргызстандын жарандыгын алганбыз" деп кайрылышууда", - деди Айжигитов.