"Бычак, кастет менен коркутушкан". Бишкекте 2 адамды карактаганга өспүрүмдөр шектелүүдө

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Биринчи май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда милицияга 2 жаран арыз менен кайрылган. Алар ошол күнү саат 18:45 чамасында белгисиз балдар Жаштар сейил бакчасынан бычак менен коркутуп, кастет менен уруп, баасы 10 миң сомдук Redmi жана 25 миң сомдук iPhone үлгүсүндөгү телефондорун тартып алганын айтышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 17 жана 18 жаштагы өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө алардан жабырлануучулардын телефондору табылып, кылмыш ишине далил зат катары алынган.

Учурда кармалган жарандардын башка кылмыш фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан