
Ушул жылдын 11 айында республика боюнча 2732 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдын көлөмү 688 миллион 410 миң сомду түздү. Бул тууралуу ӨКМдин маалыматында көрсөтүлөт.
Андагы маалыматка ылайык, бул аралыкта тилсиз жоонун кесепетинен 34 адам каза тапса, алардын алтоосу балдар. Ал эми жабыркагандар 22 адамды түзөт.
Өткөн жылдын 11 айында 3174 өрт кырсыгы катталып, материалдык зыян 1 миллиард 290 миллион 195 миң сомго жеткен. Кырсыктан 33 адам (6 бала) көз жумкп, жабыркагандардын саны 29 адамды түзгөн.