Казакстандын бет ачар жөрөлгөсү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму казактардын бет ачар жөрөлгөсүн материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизди. Бул тууралуу ЮНЕСКОнун X социалдык тармагында жарыяланды.

Мындай чечимди уюмдун комитети Парагвайдын борбору Асунсьондо өткөн атайын жыйынында кабыл алганын Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин билдирди.

Бет ачар – үйлөнүү үлпөтүндөгү кыздын жүзүн ачуу жөрөлгөсү. Салтанат кызды күйөө баланын туугандары менен тааныштыруу үчүн өткөрүлөт. Кыздын бетин жоолук менен жаап, конокторго алып чыгып, жүгүндүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан