Аксы районунда уурулукка шектелип 65 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-декабрда милицияга Аксы районунун 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 85 миң сомдук букасын уурдатканын айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүмү (Олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Аксы районунун 65 жаштагы тургуну кармалган. Ал жасаган ишин жашыруу максатында союлган малдын этин өзүнүн короосунда жерге көмүп жаткан жеринен колго түшкөн.
Учурда тергөө иштери уланууда.