Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерге жаза чараларын күчөтүү мыйзамы биринчи окууда каралууда.
Мыйзам долбоору тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берүүдө. Ага вице-спикер Жамиля Исаева суроолор көп экенин айтып, отуруп жооп берүүнү сунуштады. Бирок Ташиев анын сунушун кабыл алган жок.
"Айта бериңиздер. Себеп дегенде депутаттардын алдында отуруп алсам дагы туура эмес болуп калбасын. Ал тургай силерди урушат деп галстук тагынып келдим. "Чык эшикке" дебесин деп", - деди Ташиев тамашага салып.