Баткенде 59 жаштагы жаран тергөөчүгө 4000 доллар пара берип жатканда кармалды

Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, 3-декабрда Баткен районунун тургуну 1965-жылы туулган М.Б. аттуу жаран өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн Баткен РИИБинин тергөөчүсүнө 4000 доллар акча каражатын сунуштагандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен ОИИБинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана УКМКнын кызматкелери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында М.Б. аттуу жаран пара катарында алып келген 4000 долларды тергөөчүгө берип жаткан жеринен кармалган.

Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан