Эртең, 6-декабрда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 ... -6, күндүз +1 ... +6,
Таласта түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +2 ... +4,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +7 ... +9,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -6 ... -8, күндүз +3 ... +5,
Нарын облусунда түнкүсүн -14 ... -16, күндүз -2 ... -4,
Бишкек шаарында түнкүсүн -3 ... -5, күндүз +3 ... +5 градус болот.