Кыргызгидромет аба ырайы боюнча чукул билдирүү таратты

Өлкө аймагында 8-9-декабрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирүү таратты.

Ага ылайык, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы төмөндөйт:

  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°,
  • Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°,
  • Тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27° суук, күндүз -13…-18°,
  • Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19° градус болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан