Коңшу Казакстандын Алматы шаарында уурдоого шектелип кармалган жаран конвойлордун унаасынан качып кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
"Учурда автоколоннадан качып кеткен башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо боюнча айыпталуучуну кармоого багытталган ыкчам иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Конвойлордун унаасынан качып кеткен 1996-жылы туулган К.Э. Аубакри аттуу жаран болгон.
Полиция бул боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген. Анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жоопко тартылат.