Тбилиси шаарындагы өкмөткө каршы митингде полиция кызматкерине бычак менен кол салган деген айып менен 18 жаштагы жигит кармалганын ТААС агентиги Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазды.
"Тергөө аныктагандай, бычак менен куралданган айыпталуучу 30-ноябрда Руставели көчөсүндө болгон акцияда полиция кызматкеринин ден соолугуна зыян келтирүү максатында кол салган", - деп айтылат маалыматта.
Айыпталуучуга Грузиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Полиция кызматкерине же башка мамлекеттик кызматкерге кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
ИИМ жалпысынан митингдерде кылмыш иштерине байланыштуу 7 адам кармалганын кошумчалаган.
Айта кетсек, премьер-министр Ираклий Кобахидзе Грузиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялагандан кийин, 28-ноябрда Тбилисиде нааразылык акциясы башталган.