Дональд Трамп АКШнын коргоо министрине сунуштаган алып баруучу ичимдикти таштоого убада берди

Fox News телеканалынын алып баруучусу жана мурдагы аскер кызматкери Пит Хегсет эгер АКШнын коргоо министрине анын талапкерлиги жактырылса алкоголдук ичимдиктерди таштоого убада берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Басылма Хегсет өзүнүн талапкерлигин сактап калуу үчүн бир кыйла күч-аракет жумшап, республикачыл сенаторлорго ичимдик ичүүнү токтотууга убада кылганын жазган. Ошол эле учурда кээ бир республикачыл сенаторлор Хегсеттин аскердик ордендерин эске алганда "жакшы талапкер" деп эсептешерин белгилеген.

Буга чейин ABC News өз булактарына таянып, барган сайын көбүрөөк америкалык сенаторлор анын Пентагондун башчысы болуп бекитилиши үчүн добуш берүүгө ниеттенбей жаткандыктарын жазган. NBS News болсо мыйзам чыгаруучулар Хегсеттиге карата сексуалдык асылуу боюнча мурунку айыптоолор жана анын айланасында алкоголдук ичимдиктер тууралуу тараган маалыматтарга тынчсызданып жатышканын билдирген.

Эске салсак, бул кызматка Fox News телеканалынын алып баруучусу Пит Хегсеттин талапкерлигин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан