Кызыл-Кыя милициясы издеген 22 жаштагы жигит Бишкектен кармалды

Кызыл-Кыяда шаарында тоноочулук фактысына шектелип, издөөдө жүргөн 22 жаштагы жаран кармалды. Бул боюнча бүгүн, 5-декабрда Баткен РИИБи билдирди.

Кабарга таянсак, милицияга 23 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылып, 30-октябрда Кызыл-Кыя шаарында бейтааныш адам 20 миң сомун жана Редми 9 үлгүсүндөгү телефонун тоноп кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноочулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.

Натыйжада 3-декабрда 22 жаштагы шектүү Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал мурда бир нече жолу сот жоопкерчилигине тартылган.

Тергөө иштери уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан